Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:59

Укук коргоочулар ИИМдин ишине канааттанбайт


Бишкек, 8-август, 2013-жыл
Бишкек, 8-август, 2013-жыл

Кыргызстандын укук коргоочулар кеңеши жарандардын коопсуздугуна тынчсызданган билдирүү таратты. Укук коргоочулардын жүйөөсүндө, өлкөнүн тартип коргоо органдары жарандардын коопсуздугун сактай албай жатат.

Укук коргоочулар кеңешинин билдирүүсүнө Бишкектеги Орус драма театрынын актрисасы Оксана Гоголдун борбордун чок ортосунда өлтүрүлүшү себеп болгон. Гоголго 30-ноябрь кечинде театрдан үйүнө кетип бараткан жолдо кол салышкан.

Укук коргоочулар кеңешинин мүчөсү Нурбек Токтакуновдун “Азаттыкка” билдиришинче, шаарда кылмыштуулук кескин көбөйүп, милиция жөнөкөй шаардыктардын коопсуздугун коргоого жөндөмсүз болууда:

- Акыркы окуяларды эле карасак, адвокат Икрамидин Айткулов сабалды, белгилүү актриса менен алып баруучу мыкаачылык менен өлтүрүлдү. Булар белгилүү адам болгон үчүн элге билинип, коомчулуктун көңүлү бурулуп калды. Болбосо жөнөкөй жарандарга кол салуулар, тоноолор күн сайын болуп жатат. Кылмышкерлер кармалбай, кармалса да жоопко тартылбайт. Милиция иштебей жатат. Реформа ишке ашпай жатат.

Адвокат Икрамидин Айткулов сабалгандан кийин. 15-ноябрь, 2013-жыл
Адвокат Икрамидин Айткулов сабалгандан кийин. 15-ноябрь, 2013-жыл
Укук коргоочулар күч түзүмдөрү резонанстуу кылмыштардын артынан сая түшкөнү менен, жөнөкөй жарандардын коопсуздугун коргоого анчейин маани бербей жатканын билдиришүүдө. Мындан улам алар өлкө жетекчилигин Ички иштер органдарынын реформасын тезирээк ишке ашырууга чакырып жатышат.

Укук коргоочулар мисал кылып жаткан белгилүү адвокат Икрамидин Айткулов 13-ноябрь түнү Бишкекте, өз үйүнүн жанынан катуу сабалып, ооруканага түшкөн. Азыркыга чейин аны ур-тепкиге алгандар кармала элек. Ал эми актрисанын өлүмүнө шектүү катары мурда соттолгон бир киши кармалганын милиция маалымдады.

Буга чейин криминалдык топтор жанданып, бийлик системасына таасирин тийгизүүгө аракет кылып жатканын премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев мойнуна алган болчу. Укук коргоочулардын коопсуздукка тынчсыздануусу социалдык тармактарда талкуу жаратып, кайчы пикирлер менен коштолууда. Бишкек көчөлөрүндө сурамжылоо жүргүзгөндө да көпчүлүк жарандар коопсуздук үчүн тынчсызданаарын байкадык:

Чолпон: Баарынан мурда балдарымдын коопсуздугунан корком. Азыр балдар жоголуп жатпайбы. Ошондуктан, көчөгө чыкканда тынчсызданабыз.

Мирбек: Азыр көчөдө жүргөн коркунучтуу эле болуп калды. Көчөлөрдө жарык жок, караңгыдан пайдаланып, кол салабы деп коркосуң.

Роза: Азыр криминал күчөп жатпайбы. Телевизорду сайсаң эле сабап кеткендер, тоноп кеткендер, өлтүргөндөр көп экенин көрөсүң.

Таалай: Көчөгө чыккандан көп деле коркпойм. Бирок укук коргоо органдары ишти жакшыртышы керек го.

Анткен менен Ички иштер министрлигинин өкүлдөрү укук коргоочулардын тынчсыздануусун негизсиз деп четке кагууда. Маселен, Бишкек шаардык милициясынан кабарлашкандай, быйылкы жылдын 10 айында борбордо катталган кылмыштын саны былтыркыга салыштырмалуу 4 пайызга азайган.

Шаардык милициянын жетекчиси Мелис Турганбаев укук коргоочуларды бир-эки мисал менен жалпы абалды начар деп баалаганын сынга алды:

- Реформа жүрүп жатат. Учурда Бишкек шаардык милициясы 19 новатордук долбоорлорду ишке ашырууда. Бишкекте милициянын участкалык пункттарын көбөйтүп жатабыз, ар бир мектепке бирден инспекторду бекитип бердик, түндө шаардагы коопсуздукту коргоо үчүн 25 атайын автоунаа менен кызматкерлер чыгып, көзөмөл жүргүзүп жатат. Эми адам бар жерде кылмыш болот экен, аларды ачып жатабыз. Эгер катталган кылмыштар ачылбай, көзөмөл солгундаса бир жөн эле. Ошондуктан айтылган сынга кошулбайм. Эгер негиздүү сыны болсо укук коргоочулар бизге кайрылсын, биз аны аткарып беребиз.

Бирок Турганбаев акыркы айларда, Орусия мигранттарды депортациялай баштагандан бери борбор калаада кылмыштуулуктун саны өскөнүн кошумчалады.

Ал эми Жогорку Кеңештин Мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү комитетинин төрагасынын орун басары Бактыбек Калмаматов да укук коргоочулардын тынчсыздануусун жөндүү деп санайт. Калмаматов Бишкек шаарында мурда башталып токтоп калган “Коопсуз шаар” деп аталган долбоорду тезинен ишке ашыруу абалды жакшыртууга жардам берет деген ойдо:

- “Коопсуз шаар” деп аталган долбоор сунушталган болчу. Ал долбоор мурдагы ички иштер министри Зарылбек Рысалиевдин шалаакылыгынан ишке ашпай калган. Азыр абалдан чыгыш үчүн өкмөт аталган долбоорду тезинен ишке ашырып, кылмыштын тизгинин тартышы керек.

Калмаматов айтып жаткан “Коопсуз шаар” долбооруна ылайык, Бишкек, Ош шаарларында жана өлкөнүн ири унаа жолдоруна видеокөзөмөл камералары орнотулуп, кылмыштардын бирдиктүү борбору түзүлүшү керек болчу. Бирок ал долбоор орто жолдо токтоп калган.

Өлкөдөгү кылмыштуулукка каршы күрөштү күчөтүү жана Ички иштер органдарын реформалоо маселеси көптөн бери эле талкууланып келе жатат. Бул боюнча өкмөттө бир нече жумушчу топ түзүлүп, талкуулар өткөн. Акыркы ирет август айында премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев криминалдык топтордун мүчөлөрү ачыктан-ачык эле бийлик органдарына таасирин көрсөтө баштаганын билдирип, бул багыттагы күрөштү күчөтүү үчүн укук коргоо органдарына эки айлык мөөнөт чектеген. Бул мөөнөт ноябрда аягына чыкты.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG