Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:05

БШК: Бишкек менен Ош мэрлери жаңы мыйзам боюнча шайланат


Бишкек менен Ош шаарынын мэрлерин шайлоо жаңы мыйзам кабыл алынып, күчүнө киргенден кийин гана өтөт. Бул тууралуу бүгүн "Азаттыкка" Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын орун басары Гүлнара Журабаева билдирди:

- Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлерин шайлоо бул эки шаардын статусу жөнүндөгү мыйзамдар кабыл алынгандан кийин, ошолордо көрсөтүлгөн шартта өткөрүлөт. Эски мыйзам боюнча шайлоо өткөрүү азыркы шартка дал келбейт, - деди Журабаева.

Бишкек жана Ош шаарларынын статусу жөнүндөгү мыйзам долбоорлору парламентте үч окууда тең жактырылган. Азыр алар президенттин кароосунда жатат, кол коюла элек. (ZB/RK)

XS
SM
MD
LG