Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:09

Ош: Аянтка эки жүздөй милиция кызматкери чыгарылды


Оштун борбордук аянтына эки жүзгө жакын милиция кызматкери алынып келинди. Кабарчыбыздын айтымында, алар колуна резина таяк алып, башына каска кийип алган. Ушу тапта аянтта коррупцияга шектелип тергөө абагына камалган депутат Акматбек Келдибековдун 150 чакты тарапкери чогулуп турат. Бирок алар эч кандай акция өткөргөн жок.

Ош милициясынын айтымында, чынында азыр аянтта милиция кызматкерлери турат. Бирок аны митинг менен байланыштыруу негизсиз, себеби катарга тизилип чогулуу баардык эле күч кызматтарында ар жума сайын пландуу түрдө өткөрүлүп турат. (ErN/RK)

XS
SM
MD
LG