Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:21

Байден: Аба тилкеси шектенүүгө түрткү болду


АКШнын вице-президенти Кытайдын аба тилкеси аймакта шектенүүгө түрткү болгондугун эскертти. Жо Байдендин айтымында, Чыгыш Кытай деңизинин үстүндө жаңы абадан коргонуу тилкеси аймакта «олуттуу чочулоо» жаратканын билдирди.

Бүгүнкү сөзүндө Байден ал Бээжинде кечээ Кытай президенти Си Цинпин менен жолукканда Барак Обаманын администрациясы бул тилкеге караманча каршы деп айткандыгын кошумчалады.

Кытайдын Тышкы иштер министрлиги кабарлагандай, кытайлык расмий өкүлдөр Байденге бул зона эл аралык мыйзамга шайкеш экендигин жана Кошмо Штаттары аны сыйлоого тийиштигин айтышты. Аталган тилке Кытай жана АКШнын союздашы Жапония экөөнүн ортосунда талашка түшкөн аралдарды да өзүнө камтыйт.

XS
SM
MD
LG