Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:32

АКШ: орусиялык дипломаттар айыпталууда


Мурдагы жана азыркы 49 дипломат жана алардын жубайлары АКШ өкмөтүнөн жакырлар үчүн берилүүчү медициналык программадан алдоо жолу менен 1,5 млн. доллар алган деп айыпталууда.

Айып бейшембиде Манхеттендин соту тарабынан жарыяланды. Ага ылайык, дипломаттар жана алардын жубайлары АКШнын өкмөттүк медпрограммасынан кош бойлуулук, төрөт жана бала багуу боюнча жалган маалыматтарды берип, акча алып турушкан. Алардын иши кезектеги он миңдеген доллар акчаны эс алуу, кооз эмерек жана кымбат кийимдерге коротуу учурунда ачыкталган. Айыпталып жаткан дипломаттар БУУнун Орусия миссиясында жана Орусиянын консулдугунда мурда-кийин иштегендер.

Орусиянын Вашингтондогу элчилиги айыптоолорго макул эместигин билдирди. Расмий Москва мындай иштер жарыяланбай туруп, дипломаттык жолдор менен чечилүүгө тийиштигин белгилеп, бул АКШнын орус-америка мамилесинде кезектеги реванш алуу аракети деп айыптоодо.

XS
SM
MD
LG