Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:37

Өрт кырсыгы дагы бир адамдын өмүрүн жалмады


Чүйдө өрт кырсыгы дагы бир кишинин өмүрүн алды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынын башчысы Абдишарип Бекиловдун айтымында, Москва районунда бүгүн таңга жуук жер тамдардын биринде өрт чыгып, куткаруучулар ал жерден 65 жаштагы үйдүн ээси М.Рыскулбековдун сөөгүн алып чыгышты. Кырсыкка колго жасалган электр плиткасы себеп болгону айтылууда. Кечээ да Чүйдүн Кант шаарында улгайган бир аял өрт кырсыгында каза тапкан. Ал эми Бишкекте түтөп жаткан үйгө кошуналар кирип барып, улгайган апаны аман алып калышкан. (RK)

XS
SM
MD
LG