Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:21

Украинадагы саясий тиреш уланууда


Европачыл митингчилер бийликтин эскертүүсүнө карабай, өкмөттүк имараттарды камалоону токтотушкан жок.

Киев полициясынын акими Валерий Мазан соттун 2-декабрдагы өкүмүнө ылайык, Өкмөт үйүн тосмолоо токтотулбаса, полиция күч колдонорун эскертти.

Премьер-министр Микола Азаров кээ бир демонстранттарды “нацисттер” жана “экстремисттер” деп жемеледи.

Вице-премьер Сергей Арбузов оппозициянын кезексиз шайлоо чакыруу талабын четке какты.

Бир катар Батыш өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлери Европадагы коопсуздук жана кызматташуу уюмунун бейшемби күнкү Киевдеги саммити кезде демонстранттардын талабын колдошту. Митингчилер президент Виктор Янукович Кремлдин кысымынан улам Евробиримдик менен Ассоциациялык келишимге кол коюуну кийинки жылга калтырганы үчүн өкмөттүн кызматтан кетүүсүн талап кылышууда.

XS
SM
MD
LG