Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:17

Текебаев: Коррупционер менен чыккынчынын кылмышы эскирбейт


“Ата Мекен” партиясынын төрагасы, ЖК депутаты Өмүрбек Текебаев чыккынчы, коррупционер жана кызмат абалынан пайдалангандарды жоопко тартуунун мөөнөтү эскирбей турган мыйзам долбоорун сунуштоодо.

Текебаев 10-декабрда парламенттин Мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү комитетинин жыйынында билдиргени боюнча, сунушталып жаткан мыйзам кабыл алынса, коррупция, чыккынчылык жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу беренелери боюнча айыпталган адамдарды жоопко тартуу мөөнөтү жоюлат. Депутаттын айтуусунда, 2003-жылы Кумтөр алтын кенин канадалык ишкерлердин пайдасына чегерип түзүлгөн келишим боюнча айыпталып жаткан адамдарды жоопко тартуу мөөнөтү 31-декабрда бүткөнү турат. Ошондуктан, бул мыйзам долбоорун Кыргызстандын Кылмыш-жаза кодексине чукул арада кийирүү зарылчылыгы бар.

Өмүрбек Текебаев сунуштаган бул мыйзам долбоору биринчи окууда комитет мүчөлөрүнүн колдоосуна ээ болду. (ZKo)

XS
SM
MD
LG