Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:55

Украина: полиция Майданды курчоого алды


Өткөн түнү Киевде полициянын атайын күчтөрү бир нече күндөн бери нааразылык акциясы өтүп жаткан Төбөлсүздүк майданын курчоого алды. “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун кабарчылары жана бир нече жергиликтүү маалымат булактарынын кабарлашынча, полиция аянттагы баррикадаларды бузууга аракет кылып, бирок андан майнап чыккан. Демонстранттар “Уят, биз аягына чейин турабыз!” деп кыйкырып, Украинанын гимнин ырдап жатышты.

Кечээ Украинадагы кырдаалды талкуулоо үчүн Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча комиссары Кэтрин Эштон Киевге келген. Ал президент Виктор Янукович менен жолукту. 21-ноябрдан бери Киевде евроинтеграцияны жактагандардын ири демонстрациялары өтүп жатат.

Киевдин борбордук аянттына жүз миңдеген кишилер чыгып, Украинанын Евробиримдик менен жакындашуу саясатын жүргүзүүнү жана президент Виктор Янукович менен учурдагы өкмөттүн отставкасын талап кылышууда. Шейшембиде Янукович Украина Евробиримдик менен карым-катнашты күчөтөөрүн ошол эле учурда Орусия менен соода алакаларын калыбына келтирүүгө аракет кылаарын билдирген. Ошондой эле бүгүн Украинанын делегациясы Брюсселге бараары белгилүү болду. Анда Евробиримдиктин келээрки жылдын март айындагы саммитине чейин ассоциативдик келишимге кол коюуга даярдык талкууланат.

XS
SM
MD
LG