Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:06

Эл аралык сотто Кыргызстанга каршы 9 иш бар


Бул тууралуу “Азаттыкка” юстиция министри Алмамбет Шыкмаматов билдирди. Анын айтымында, учурда Эл аралык соттор карап жаткан Кыргызстанга каршы 9 иш бар. Андагы доонун жалпы суммасы 1 миллиард долларды түзөт. Алардын арасында Кыргызстанга коюлган кореялык ишкерлердин Бишкек эркин экономикалык аймагы боюнча 25 миллион доллар, “Ак-Кеме” мейманканасына байланыштуу 13 миллион доллар, казакстандык Visor компаниясынын 400 миллион долларлык доосу бар. Шыкмаматов бул арыздарда Кырызстандын кызыкчылыгын коргоо үчүн өкмөт аракет көрүп жатканын кошумчалады.

Ушул аптада Гаагадагы Эл аралык арбитраж сотунда казакстандык Visor компаниясынын Жерүй кени боюнча кыргыз өкмөтүнө каршы арызы карала баштады. Анда казакстандык компания кыргыз өкмөтүн 400 миллион доллар доого жыгууну суранган. 2010-жылы кыргыз өкмөтү Жерүйдүн 60 пайыз акциясына ээлик кылган бул компаниянын лицензиясын инвестордук милдетти аткарган жок деген жүйөө менен кайтарып алган.(BkA/EBM)

XS
SM
MD
LG