Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:29

Аба ырайы: Жамгыр карга айланат


Синоптиктердин маалымдоосу боюнча, 12-декабрда Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында жаан жаап, карга айланат. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20, Ысык-Көл акваториясында 19-24 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -4...+1, күндүзү -3...+2 градус болот. Таласта түнкүсүн 0...5 градус, күндүзү -4...+1 градус. Баткен, Жалал-Абад, Ош облустарында түнкүсүн -3...+2, күндүзү -2...+3 градус жылыйт. Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -1..-6, күндүзү 0...-5 градус суук болот. Нарында түнкүсүн -8...-13, күндүзү -3...-8 градуска чейин төмөндөйт. Тоолордо түнкүсүн -21...-26, күндүзү -9...-14 суук болот.

12-декабрда Бишкек шаарында жаан жаап, карга айланат. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 14 метрге жетет. Абанын түнкү төмөнкү температурасы -1…-3 градус суук, күндүзгү жогорку температура 1 градус сууктан …1 градуска чейин жылуу болот.

XS
SM
MD
LG