Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:28

Акунга байланыштуу сот 17-декабрда уланат


Бүгүн Жогорку Сот мурдагы акыйкатчы Турсунбек Акундун арызын карады. Бул ишке байланыштуу судья Акунду, анын адвокатын жана Жогорку Кеңештин юристин укту. Соттук жараян 17-декабрда улантылмай болду. Бул тууралуу “Азаттыкка” мурдагы акыйкатчы Турсунбек Акун өзү билдирди.

Буга чейин Акундун арызын Бишкек шаардык жана райондор аралык сот канааттандырган эмес. Райондор аралык сот Акунду мөөнөтүнөн мурда бошоткон Жогорку Кеңештин токтомун мыйзамдуу деп таап, анын арызын кароого негиз жоктугун билдирген. Парламенттин юристи Кызжибек Карабаева эл өкүлдөрү акыйкатчыны бошотууда мыйзамда көрсөтүлгөн укуктарын гана пайдаланганын айткан.

Батукаевдин мөөнөтүнөн мурда абактан чыгып кетишин иликтеген депутаттык комиссия өз корутундусунда Турсунбек Акунду, аны менен катар бир катар министрлерди жумуштан кетирүүнү сунуштаган. Акыйкатчыны дайындоо жана бошотуу укугу парламенттин өзүндө болгондуктан, Жогорку Кеңеш 27-июнда Турсунбек Акунду кызматтан алган болчу. Ал эми кызматтан алууга сунушталган башка министрлер азырынча өз ордуларында иштеп келишүүдө. (КЕ)

XS
SM
MD
LG