Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:17

Мыйзам даражадан улук


Жума 13-декабрда жарык көргөн гезиттер өлкөбүздөгү окуяларды ар тараптан талдоого алышты.

“Жаңы агым” гезити бүгүнкү санын КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбековдун “Өмүр бою мамлекеттик кызматты аркалап жүрүп миллионер болгондорду атып салса жарашат” деген сөзү менен ачты. Ал бизнесте жүрүп депутаттыкка келген адам экенин, өз таман акы, маңдай тери менен ирденгенин, мамлекеттин казынасына эзели кол салбаганын, ага карата Бишкек арак заводу боюнча кылмыш иши козголот деп жоромолдоп жазып жатышканын, аталган заводго байланыштуу далай ирет, анын ичинде депутаттык комиссия да текшерип, мыйзам бузуу таппаганын, эгер кимде ким мамлекеттин, элдин байлыгын уурдаса анын даража-даңкына, позициясына карабастан жоопкерчиликке тартуу керектигин айтты.

Ушуга удаа эле кабарчы депутат Равшан Жээнбековго кайрылып: "Кумтөр боюнча 2003-жылкы келишимге мен ушундай болорун алдын ала сезип туруп, аң-сезимдүү түрдө кол койгон эмесмин” деп келдиңиз эле. Өткөн жумада “Дело №...” гезити сиздин колуңуз коюлган документти таап чыгып жарыялады, буга кандай дейсиз?” - деген суроосуна:

"Кумтөр боюнча 20 жыл ичинде миңдеген документтер болгон. Албетте мен кээ бирлерине кол койгом. Кагаздарга кол коюу ар бир жетекчинин милдети. Бирок Кумтөрдү сатуу боюнча 2003-жылдын 31-декабрындагы келишимге тиешем жок. Мен саясатка бардык нерсеге даяр болуп келгем, башыма салганды көрөм",-деп жооп берди.

“Фабула” гезити биринчи бетине депутат Жылдыз Жолдошеванын бакыйган сүрөтүн басып туруп “Жылдыз Жолдошева кусту” деп жазды. Макалада депутаттын Ысык-Көлдөгү жер чатагы жөнүндө кеп жүрөт.

Баратбай Аракеев Кыргызстанда “Саруустан” деген “мамлекет” пайда болгонуна жаны кашайып, “Болуптур, саруулуктар өзүнчө жашасын дейли, анда аны Кыргыз Республикасына тиешелүү деген бардык шарттардан, электр энергиясынан, суудан, телекөрсөтүүдөн ажыратып салуу керек. Бюджеттен берилүүчү айлык, пенсия, пособия дегенди төлөбөй, Саруу айылынын эки башына эки чек ара мамыларын орнотуп, Балыкчы же Каракол тарапка барам дегендерге виза режимин киргизүү зарыл. Ошондо митинг менен коркутуп, өз билгендерин кылып, өздөрүнө өздөрү “өзгөчө кырдаал” киргизип алгандардын маңкасы канча күндө агаар экен! Мамлекеттин маанисин кетирип, оозуна келгенди оттоп, оюна эмне келсе ошону жасагандын да чеги болот” - деп жазды.

“Ачык саясат” гезити: “Башкы прокурор Аида Салянованы азамат деш керек. Эркек кыла албаган бир чоң иш жасады. Кечээ жакында элдин көкөйүнө көк таштай тийген Бишкек шаар прокурору Талант Кожоновду иштен алды. Алганда да жөн албай экинчи прокуратура кызматына жологус кылып алды. Бизге жеткен маалыматтар боюнча, Талант Кожонов кылмыш делолорун жылмалап, сотко барган иштердин бардыгын артка кайтарып келген. Учурда жалгыз эле Кожонов эмес, мындай эргулдар дагы толтура. Ошондуктан Аиданын мыйзамды тизгинин кармап алып, аны бузган прокурорлорго чабуулу токтобосо демекчибиз” деген тилегин билдирди. Ушул эле гезитке Мелис Мырзакматов тууралуу макалалар басылды.

“Айбат” гезити: “Оппозиция урааны: “Экс “акжолчулар” катарга тизилгиле!” деген, Акинай Айдарованын “Бардык бийликти өзүнө багыштагысы келген Мырзакматов” деген макаласы, Жогорку Кеңештин төрага орунбасары Чолпон Султанбекованын “Мырзакматов элди радикалдуу кадамдарга түрткөндөй эле болуп жатат” деген, саясат таануучу Бакыт Бакетаевдин “Мырзакматов элди экиге бөлүп жиберсе тарых алдында жооп берет” деген интервьюлары жарык көрдү.

Ушул эле “Айбат” гезити аркылуу жазуучу Талип Ибраимов:

"Эгерде Кумтөрдү канадалыктардан тартып алып, улутташтырабыз, келишимди денонсациялайбыз” десек, эртең эле иштете албай, талап-тоноп жок кылабыз. Килейген Кумтөр эмес, мобу турган ТЭЦтен орустар кетип калса тоңуп олтуруп калабыз. Саясатчылар элди жөн эле “вымогатель” кылып койду. Анын айынан инвесторлор качып атат. Равшан Жээнбеков дегени өзүнчө эле кыйын болуп кыйкырып жүрөт “Биз эларалык соттон утуп алабыз” деп. Кантип утуп алат? 2009-жылкы келишимди бардык тарабынан мыйзамдаштырып, бекитип берип жатышса. Эл аралык сот деген ооздугу жок оозеки сөзгө эмес, эки тизгин, бир чылбыры бар документке ишенет", - деп айтып чыкты.

“Алиби” гезити кечээ эл-журту Улуу Айтматовду эскергенин кабарлады. Аталган гезит Ак үй Бишкек мэрлигине Москвадан билим алган, элүү жаштагы Таалай Сагыновдун талапкерлигине токтолгонун, бул жигит “Замандаш” партиясынын өкүлү экендигин маалымдады.

Роза Айтматованын Чыңгыз Айтматов жөнүндө “Айткым келген ойлор” деген баяны басылып чыкты.

“Кыргыз туусу” гезити бүгүнкү санын “Залкар 85 жашта” деген баштема менен ачып, бир бетин жалаң Айтматовго арнады.

Экономика доктору Айылчы Сарыбаев адистик деген эмне, экономикалык коопсуздук деген эмне, бажы биримдиги, “жол картасы” жана башка көптөгөн баш оору маселелерге оюн билдирди.

Манас изилдөөчү Темирбек Токтогазиевдин “Манастагы” Беш Бээжин бүгүн кайда?” деген ат менен сандан санга жарыяланып келаткан макаласынын уландысы тартууланды.

“Де-факто” гезити аркылуу саясат талдоочу Марат Казакпаев сөз алып: “Мырзакматовду колдоп жаткандардын башында турган Улугбек Ормонов, Бегалы Наргозуев, Бакыт Төрөбаев кезинде Бакиев түзгөн “Ак жолдун” жөнөкөй депутаттары болгон эмес. Алар Бакиевдик режимге өзгөчө кызмат кылган жана кызматта турганда сөзсүз коррупцияга малынган. Демек Бакиевдин куйруктарын таза деп айтуу кыйын. Ошондуктан прокуратура, милицияга ыйгарым укуктарды берип, күнөөлөрү болсо жоопко тартуу керек, - деп айтты.

Кыргызстандын Пакистандагы мурдагы элчиси, чекист Алик Орозов өлкөдөгү окуяларга пикирин билдирип, элди мыйзамсыз кадамдарга барууга биз сыяктуу жакыр өлкөлөрдүн бардыгында акча түртүлөөрүн, акча – бул митинг өткөртүп, жолдорду буудуртуп, ачкачылык жарыялаткан эбегейсиз күч экенин, андыктан “алтын кап артынган эшек кайсыл убакта болбосун, хан сарайды тартып алат” деген ылакап кеп айтылып келатканын, коомчулук бүгүн коррупцияга каршы президент Атамбаевдин күрөшүнө, башкы прокурор Аида Салянованын эрдигине ыраазы болуп жатканын белгиледи.
XS
SM
MD
LG