Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:58

Киевде “Айтматовдун ааламы” көргөзмөсү ачылды


Украинанын улуттук музейинде 12-декабрда ачылган адабий-көркөм экспозицияны өлкөнүн маданият министрлиги менен кыргыз элчилиги чогуу уюштурду. Чыңгыз Айтматовдун 85 жылдыгына арналган көргөзмөгө жазуучунун китептери, кол жазмалары, кыргыз улуттук кийимдери жана кол өнөрчүлөрдүн эмгектери коюлган.

Коноктор украин фотографы Эдуард Тимлиндин “Чыңгыз Айтматовдун дүйнөсү” деп аталган көргөзмөсү менен таанышты. Фотосүрөттөрдө алп жазуучу 1982-жылы Украинада болгон кездеги кайталангыс учурлар чагылдырылган. Салтанатта украин актрисасы Галина Стефанова “Жамиля” повестинен үзүндү окуп берди. Көргөзмөнү ачуу аземине Ооганстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Палестинанын элчилери, Казакстандын элчисинин орун басары, украин коомчулугу жана кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү катышты.

Кыргыз элчилигинин кабарлашынча, кечээ күнү Киев мечитинде Чыңгыз Айтматовдун арбагына кутпа окулду. (AU)

XS
SM
MD
LG