Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:30

Ош жана Гангнам шаарлары кызматташат


Ош шаардык мэриясы менен Түштүк Кореянын Гангнам шаарынын бийлиги кызматташа баштаарын "Азаттыкка" Ош мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти. Эки тараптуу кызматташтык экономика, билим берүү, медицина жана маданият тармактарында болот. 13-декабрь күнү гангнамдык делегация иш сапары менен Ошко келип, кызматташуу документтерине кол коюлду.

Түштүк Кореянын өкүлдөрү менен жолугушууну Ош шаардык мэриясынын инвестиция тартуу жана эл аралык кызматташтык боюнча комитети уюштурду.

Гангнам шаарында 600 000ге чукул киши жашайт. Калаа бай кишилердин кичи мекени деп да аталып жүрөт.

Түштүк Кореяга 18-ноябрда мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев да барып, мамлекеттер аралык макулдашууларга кол коюп келген. (SE)

XS
SM
MD
LG