Чек ара кызматындагы “Азаттыктын” ишенимдүү булактарынын билдиришинче, анда Чалдовардагы казак тараптын өткөрмө бекетинде жарандар ортосунда жаңжал чыгып, казак чек арачылары эскертүү иретинде асманга ок чыгарган. Учурда окуянын чоо-жайы иликтенүүдө. Буга чейин Твиттердеги колдонуучулар чек арада ок атылганы тууралуу жазып чыгышкан эле.(BkA)