Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:26

Чек арадагы жаңжалга кыргыз тараптын тиешеси жок


Кыргыз-казак чек арасындагы жаңжалга кыргызстандыктардын тиешеси жок. Окуя Казакстандын аймагында болгондуктан, ага мамлекеттик чек ара кызматы комментарий бере албайт. Бул тууралуу “Азаттыкка” мекеменин коомчулук менен байланышуу бөлүмүнүн өкүлү Сажира Чоколоева билдирди:

- Жаңжал учурунда окту казак аскерлери чыгарган. Кыргызстандык чек арачылардын жана жарандарыбыздын окуяга эч кандай тиешеси жок,- деди Чоколоева.

Бүгүн Чалдовардагы казак тараптын өткөрмө бекетинде жарандар ортосунда жаңжал чыгып, казак чек арачылары эскертүү иретинде асманга ок чыгарган. (SE)

XS
SM
MD
LG