Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:33

Бир үй-бүлөнү атып кеткендердин соту башталат


Баткенде бир үй-бүлөнү атып кеткендердин соту 17-декабрда болот. Бул тууралуу “Азаттыкка” маркумдардын жакындары билдирди. Кылмышка шектүү деп кармалган эки жигиттин үстүнөн тергөө амалдары бүтүп, иш Баткен райондук сотуна өткөрүлүп берилди.

Ушул жылдын 5-сентябрында Кара-Булак айылында бир үй-бүлөнү атып кетишкен. Атылган октон үй ээси Тажибай Эралиевдин 52 жаштагы жубайы, 27 жаштагы уулу, 25 жаштагы келини жана 1 жаштагы небереси жан берген. Жаагына ок тийген Тажибай Эралиев ооруканага түшүп, эки жумадан соң өлгөн.

Кылмышка шектелип ошол айылдын 20-22 жаштагы эки жараны кармалган. (JsA)

XS
SM
MD
LG