Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:13

Депутат Абдырахманов мамлекеттик чинден баш тартты


Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Өмүрбек Абдрахманов мамлекеттик чин алуудан баш тартты.

- Бүгүн парламенттин жыйынында мага чин бергендерге рахмат айтып, чинден баш тартканымды төрагага официалдуу түрдө билдирдим. Мага чинге жабыштырылган 1700 сомду да бербешин өтүндүм. Керектүү реформа кылгандын ордуна биздин бийлик чин берип чиновниктерди жана депутаттарды сооротконуна макул эмесмин, - деп жазды Абдырахманов фейсбуктагы баракчасына.

Буга чейин депутат Дастан Бекешов мамлекеттик кызматкерлерге берилчү класстык чиндерди жоюу демилгесин көтөргөн. Ал мамлекеттик кызматкерлерге чин берүү учурда өзүн актабай, коррупциялашып кеткенин белгилеген болчу. Бул демилгени башка депутаттар колдогон эмес.

Кыргызстанда мамлекеттик кызматкерлерге ар кыл даражадагы класстык чиндер ыйгарылат. Класстык чиндери бар кызматкерлерге жеңилдиктер каралып, айлык-акы жана пенсияларына кошумча каражат кошулат.(КЕ)

XS
SM
MD
LG