Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:13

"Кылым шамы": кыйноого кабылган жаранга басым жасалууда


“Кылым шамы” укук коргоо уюмунун төрайымы Азиза Абдирасулова бүгүн “Азаттыкка” 9-декабрда Ноокат районунун 38 жаштагы Каримжан Хасанов аттуу тургунунан милиция опузалап акча талап кылганын, бирок айтканын бербегени үчүн ал ур-токмокко алынып, ооруканага түшкөнүн кабарлады. Анын жакындары бул иш боюнча райондук прокуратурага арыз жазганы менен кылмыш иши козголгон эмес. Мындан соң бул ишти “Кылым шамы” укук коргоо кыймылы иликтей баштаган.

Абдирасулованын айтымында, бүгүн Хасановдун үйүнө 200дөй адам барып, милицияга жазган арызын кайтарып алууну талап кылышкан. Мындан улам укук коргоочу тартип коргоо органдарын бул окуяны териштирүүгө чакырууда.

Ош облустук милициясы болсо укук коргоочунун маалыматын четке кагууда.
Облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Жеңиш Ашырбаевдин “Азаттыкка” билдиришинче, Хасановду милиция кызматкерлери кыйноого алган эмес. Аны үй-бүлөлүк чырдан улам райондун тургундары ур-токмокко алган. Ал эми бүгүн Хасановдун үйүнө 20га жакын гана адам барган. Бул боюнча милицияга кабар түшүп, окуя болгон жерге барганда алар качып кеткен. Учурда Ноокатта абал тынч, Хасановдун үй-бүлөсүнүн коопсуздугуна коркунуч жок. Ашырбаев учурда бул окуя териштирилип жатканын кошумчалады.(BkA)

XS
SM
MD
LG