Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:01

Келдибековдун тарапкерлери ачкачылыкты токтотту


Камактагы Жогорку Кеңештин депутату Акматбек Келдибековдун тарапкерлери бүгүн түш ченде ачкачылык акциясын токтотту. Бул тууралуу акциясынын катышуучуларынын бири Адалат Мирашева билдирди. Анын айтымында, акцияны токтотууга Акматбек Келдибековдун кайрылуусу себеп болгон. Анда Келдибеков тарапкерлеринен жаңы жылдын алдында ачкачылыкты токтотууну өтүнгөн. Мирашева кошумчалагандай, учурда Оштун борбордук аянтындагы боз үйлөр чечилип, анда отургандар үй-үйлөрүнө тарап жатат.

Келдибековдун тарапкерлери ачкачылык акциясын бир ай мурун баштаган.

“Ата-Журт” партиясынын лидерлеринин бири, парламенттин мурдагы төрагасы Акматбек Келдибеков коррупциялык иштерге айыпталып, Улуттук коопсуздук кызматынын убактылуу кармоочу жайына 20-ноябрда камалган. Аны бошотуу талабы менен буга чейин Бишкекте, Ошто жана Алай районунда нааразылык акциялары өткөн. Алайдагы тарапкерлери Ош-Сары-Таш-Эркеч-Там унаа жолун бууган болчу. (BkA)

XS
SM
MD
LG