Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:10

АКШ Ходорковскийдин абактан чыгышын кубаттады


Мамлекеттик катчы Жон Керринин билдирүүсүндө Вашингтон сот процессиндеги мыйзам бузуулар, Орусиядагы тандалма куугунтук, мунун ичинде Михаил Ходорковский менен анын ишкер өнөктөшү Платон Лебедевдин иши боюнча утур-утур тынчсыздануу билдирип келгендиги көрсөтүлгөн. Билдирүүдө ошондой эле Вашингтон Москвага сот реформасын жүргүзүүнү көшөрө сунуш кылары белгиленет.

Мурдагы ЮКОС компаниясынын ээси, мурдагы мунай олигархы, Кремлдин белгилүү сынчысы Михаил Ходорковский абактан мөөнөтүнөн мурда кечээ чыгарылган. Президент Владимир Путиндин жардыгында ырайым ага “гуманитардык жүйөдөн” улам берилгени айтылат.

Кечээ Берлинге келген Ходорковский өз билдирүүсүндө орус президентинен үй-бүлөлүк себептерден улам ырайым сураганын ырастап, күнөөнү моюнга алуу жөнүндө сөз жүрбөгөнүн кошумчалады.

50 жаштагы Ходорковский салыктан качкан, мамлекет мүлкүн уурдаган деген айыптар менен эки ирет соттолгон. Анын жаза мөөнөтү келерки жылдын августунда аяктамак. (UE)

XS
SM
MD
LG