Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:00

Обама: Иранга каршы жаңы санкциянын зарылчылыгы жок


АКШ президенти Барак Обама бул тууралуу Ак үйдөн жума күнкү басма сөз жыйында билдирди. АКШ президенти белгилегендей, Иранды өзөктүк программадан баш тарттыруу боюнча эл аралык сүйлөшүүлөр жүрүп жаткан шартта жаңы санкциялар боюнча мыйзамдын зарылчылыгы жок:

- Менин максатым Ирандын өзөктүк куралга ээ болушуна жол бербөө. Мен муну дипломатиялык жол менен жасоого артыкчылык берер элем. Бирок күн тартибинде бардык варианттар кала берет.

Иранга кысым көрсөтүү боюнча Конгресс менен иштешерин кошумчалаган Обама бул сөздөрдү 26 сенатор Иранга кошумча санкцияларды киргизүүнү караган мыйзам долбоорду сунуш кылгандан кийин айтты. Ага ылайык, Иранга жаңы санкциялар эгер Тегеран дүйнө державалары менен өткөн айда жетишилген макулдашууну бузса же узак мөөнөттүү макулдашуу түзүлбөй калса киргизилет.

Ак үйдүн билдиргенине караганда, эгер Конгресс Иран боюнча мыйзамды сүйлөшүүлөр уланып жаткан учурда жактырса, президент Обама ага вето салат.
(UE)

XS
SM
MD
LG