Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:09

Ходорковскийдин басма сөз жыйыны Берлин дубалы музейинде өтөт


Маалымат жыйыны жекшембиге мерчемделип жатканы тууралуу Берлиндин Михаил Ходорковский токтогон “Адлон” мейманканасы алдында жыйналган журналисттерге анын уулу Павел Ходорковский ишембиде жарыялады:

М.Ходорковский "Адлон" конок үйүндө. Берлин, 21.12.2013.
М.Ходорковский "Адлон" конок үйүндө. Берлин, 21.12.2013.
- Мен бүгүн Берлинде болгонума кубанып турам. Анткени менин атам эркиндикке чыкты. Он жылга созулган ажырымдан кийин биздин үй-бүлө кайра биригүүгө мүмкүнчүлүк алды. Бул үчүн биз абдан кубанычтабыз. Ал басма сөз жыйынды Берлин дубалы музейинде эртең жергиликтүү убакыт боюнча саат 13тө өткөрөт. Бул - ачык иш чара. Каалагандын баары келип, ага суроолорун түздөн-түз бере алышат.

Мурдагы “ЮКОС” компаниясынын ээси, мурдагы мунай олигархы, расмий Кремлдин белгилүү сынчысы Михаил Ходорковский абактан мөөнөтүнөн мурда 20-декабрда чыгарылган. Президент В.Путиндин жардыгында кечирим ага “гуманитардык жүйөдөн” улам берилгени айтылат.

Орусиянын Ходорковский камалган 2003-жылдагы өкмөт башчысы Михаил Касьянов анын бошотулушун бүгүн мындайча чечмеледи:

- Батыш коомдук пикири үчүн бул чоң окуя. Путиндик Орусияга карата Батыштын цивилизациялуу коомчулугунун өзгөчө терс пикирин Олимпиада алдында бир аз болсо да оңдоо далаалаты. Менимче, башкы мотив ушул.

Касьянов Ходорковскийдин дароо эле Германияга кетиши анын бошотулуусу алдында коюлган шарт болушу ыктымал экенин кошумчалады.

АКШ мамлекеттик катчысы Жон Керри Ходорковскийдин абактан чыгарылышын кубаттады. Расмий Вашингтон процессуалдык укук бузуулар, Орусиянын сот системасынын тандалма мамилеси, мунун ичинде Михаил Ходорковский менен анын ишкер өнөктөшү Платон Лебедевдин иши боюнча утур-утур тынчыздануу билдирип келгендиги Керринин билдирүүсүндө чагылдырылган.

Билдирүүдө ошондой эле Вашингтон Москвага сот реформасын жүргүзүүнү өзгөчө басым менен сунуш кылары белгиленет.

Кечээ Берлинге келген Ходорковский өз билдирүүсүндө орус президентинен үй-бүлөлүк себептерден улам кечирим сураганын ырастап, күнөөнү моюнга алуу жөнүндө эч сөз жүрбөгөнүн айткан.

50 жаштагы Ходорковский салыктан качкан, мамлекет мүлкүн уурдаган деген доолор менен эки ирет соттолгон. Анын жаза мөөнөтү келерки жылдын августунда аяктамак. (UE)

XS
SM
MD
LG