Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:15

АКШ астронавттары ачык космоско чыкты


Эл аралык космос бекетинде иштеп жаткан америкалык астронавттар Майкл Хопкинс менен Ричард Мастраккио бекеттин муздатуу системасындагы сордургучту алмаштыруу үчүн ачык космоско чыгышты.

Жалпысынан бул иш үчүн ачык космоско үч ирет чыгуу талап кылынат. Калган экөөсү келээрки аптада ишке ашырылат деп күтүлүүдө.

Эл аралык космос бекетинин муздатуу системасынын бөлүгүндөгү бузуктук
Эл аралык космос бекети Ысык-Көлдүн жана Теңир-Тоонун үстүнөн өтүүдө. Аны "Атлантис" космос чөлмөгү сүрөткө тартып алган. STS106-330-003 (8-20.09.2000)
Эл аралык космос бекети Ысык-Көлдүн жана Теңир-Тоонун үстүнөн өтүүдө. Аны "Атлантис" космос чөлмөгү сүрөткө тартып алган. STS106-330-003 (8-20.09.2000)
өткөн аптада аныкталган. Бирок ал астронавттардын өмүрү үчүн коркунучтуу эместиги айтылган.

Бекеттин Орусияга караштуу бөлүгүнүн өзүнчө муздатуу системасы бар. (UE)

XS
SM
MD
LG