Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:05

Дзюдо боюнча эл аралык турнирде кыргызстандыктар жеңди


Дзюдо боюнча “Дордой” ассоциациясынын кубогун кыргыз балбандары жеңип алды. Эл аралык турнир 22-декабрда Бишкекте жыйынтыкталып, командалык эсепте биринчи орунду Кыргызстандын тандалма командасы ээледи. Экинчи орун Казакстандын курама командасына, үчүнчү орун Алматы шаардык командасына тийди.

Таймашка Кыргызстандын жети облусунан жана Казакстандан келген 12 команда катышты. Турнир 20-декабрда башталган. Алгачкы эки күндө жеке таймаштар өтүп, кыргызстандык Адилет Ботоканов, Ислам Баялинов, Азат Кубакаев, Лондон олимпиадасынын катышуучулары Чыңгыз Мамедов, Юрий Краковецкий байгелүү болушкан.

Кыз-келиндер арасындагы күрөштө кыргызстандык Күмүшай Соскеева, Ксения Бельдягина жана казакстандык Анна Казюлина менен Севара Нишанбаева баш байгени утуп алышты.

“Дордой” ассоциациясынын кубогуна арналган турнир быйыл биринчи ирет өткөрүлүп жатат. (КМа)

XS
SM
MD
LG