Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:45

Сирияда жанкечтинин чабуулунан 6-7 киши мерт кетти


Жанкечти жардыруучу затка шыкалган унаасын Умм ал-Амид деген шаарчадагы мектептин жанында жардырган.

Британияда жайгашкан Адам укуктары боюнча Сирия обсерваториясы деген уюмдун маалыматына караганда, өлгөн алты кишинин арасында мектеп окуучулары да бар.

Сириянын мамлекеттик САНА жаңылыктар агенттиги беш мектеп окуучусу, эки жумушчу каза тапканын маалымдады жана жардыруу үчүн “террорчуларды” айыптады. Өкмөттүк маалымат каражаттар “террорчу” дегенде сириялык козголоңчуларды эске алат.

Жардыруу болгон Умм ал-Амид шаарчасында президент Башар Асаддын алавит тайпасына жакын шиит жамааты жашайт. Сирия оппозициясы жана козголоңчулары болсо негизинен суннит жамаатынан турат.

Байкоочулардын баамында, жанкечтинин мектеп жанындагы бүгүнкү чабуулу – Сирияда үч жылга жакындап калган жарандык согуш учурунда диний ажырым канчалык тереңдегенинин көрсөткүчү. (UE)

XS
SM
MD
LG