Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:13

Сирия: чабуулда набыт болгондордун саны 12ге жетти


Жанкечти жардыруучу затка шыкалган унаасын Умм ал-Амид деген шаарчада мектептин жанында жардырган.

Британияда жайгашкан Адам укуктары боюнча Сирия обсерваториясы деген уюмдун маалыматына караганда, өлгөндөрдүн алтоо мектеп окуучусу болчу.

Сириянын мамлекеттик САНА жаңылыктар агенттиги жардыруу үчүн “террорчуларды” айыптады. Өкмөттүк маалымат каражаттар “террорчу” деп сириялык козголоңчуларды атап келет.

Жардыруу болгон Умм ал-Амид шаарчасында президент Башар Асаддын алавит тайпасына жакын шиит жамааты жашайт. Сирия оппозициясы жана козголоңчулары болсо негизинен суннит жамаатынан турат.

Байкоочулардын баамында, жанкечтинин мектеп жанындагы бүгүнкү чабуулу - Сирияда үч жылга жакындап калган жарандык согуш учурунда диний ажырым канчалык тереңдегенинин көрсөткүчү.

Бул аралыкта Алеппо шаарында, Адам укуктары боюнча Сирия обсерваториясы маалымдагандай, өкмөттүк учактар базарга жана козголоңчулар колунда турган төрт аймакка урган соккудан “ондогон киши мерт кетти же жаракат алды”. (UE)

XS
SM
MD
LG