Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:04

Баткен облусун реформалоо боюнча комиссиянын иши каралат


Комиссиянын мүчөсү, реформа демилгечилеринин бири, “Республика” фракциясынын депутаты Назарали Ариповдун “Азаттыкка” билдиргени боюнча 25-декабрда Жогорку Кеңештин жалпы отурумунда комиссиянын жыйынтыгы талкууга алынат.

Облуста администрациялык-аймактык реформа жүргүзүү демилгелеринен кийин быйыл 13-июнда Жогорку Кеңеште атайын депутаттык комиссия түзүлгөн. Комиссия ошондой эле облустагы өкмөт өкүлүнүн, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын мамлекеттик чек ара аймактарында коопсуздукту камсыздоо аракеттеринин абалын текшерүүнү жана иликтөөнү да максат кылган.

Комиссиянын мүчөлөрү иликтөө иштеринин алкагында облуска барып, мамлекеттик органдардын кызматкерлери, жергиликтүү кеңештердин депутаттары жана жашоочулар менен жолугушууларды уюштурган. Көпчүлүк Баткенди облус катары жоюп жиберүүгө каршылыгын билдирип, Баткен бир жагынан Өзбекстан, бир жагынан Тажикстан менен чектешип турган аймак катары облустук макамга ээ болуп турганы маанилүү деп бекемдешкен.

Баткенди облус катары жоюп, Баткен жана Лейлек райондорун республикага түз каратууну, ал эми Кадамжай району менен Кызыл-Кыя шаарын Ош облусуна кошуу демилгесин ЖК депутаты Назарали Арипов көтөргөн болчу.(ZKo)

XS
SM
MD
LG