Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:16

"Гринпистин" активисттери иши токтотулганын билишти


Орусияда “Гринпис” экологиялык уюмунун кылмыш ишине тартылган активисттеринин жарымынан көбү “тергөө иштери токтотулганы тууралуу билдирүү” алышты. Уюмдун Орусияда кылмыш иши ачылган бардык активисттери бүгүн Тергөө комитетине чакырылганы, алардын 18ине “мунапыска байланыштуу иши токтотулганы тууралуу документ берилгени” айтылат.

Жакын арада чет өлкөлүк активисттер Федералдык миграциялык кызматтан “өлкөдөн чыгып кетүүгө уруксат алышаары” кабарланууда.

“Гринпистин” 30 активисти быйыл 19-сентябрда Арктикада “Газпромдун” мунай өндүрүү иштерине каршылык акциясын өткөрөбүз деген жеринен кармалышкан. Аларга алгач “каракчылык” үчүн тагылган айып кийинчерээк “бейбаштык” деп өззгөртүлгөн жана күрөөгө бошотулган.

XS
SM
MD
LG