Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:37

Кезектеги мунапыс жарыяланат


Кыргызстанда абакта жаткандар үчүн кезектеги мунапыс жарыяланат. Бул тууралуу мыйзам долбоору кечээ парламентте кабыл алынды. Эми бул долбоор президенттин кароосуна жөнөтүлөт. Мунапыс Адам укугу боюнча жалпы декларациянын 65 жылдыгына карата жарыяланганы жатат. Мыйзам долбоордун авторлорунун бири, парламенттеги КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбековдун "Азаттыкка" айтымында, алдын ала эсептөөлөр боюнча, үч миңден ашуун киши боштондукка чыгат.

Адам укуктарынын декларациясы Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясында 1948-жылдын 10-декабрында кабыл алынган.

Акыркы жолу Кыргызстанда кылмыш жасагандар үчүн мунапыс 2012-жылы өлкөнүн эгемендигинин 20 жылдыгына карата жарыяланган болчу.

Учурда Кыргызстандын абактарында жана тергөө изоляторлорунда 10 миңден ашуун киши бар. (RK)

XS
SM
MD
LG