Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:42

Каир университетиндеги кагылышта бир студент окко учту


28-декабрда Египеттин коопсуздук күчтөрү менен “Мусулман агайындардын” жактоочулары ортосунда Каирдин атактуу Ал-Асхар ислам университетинде болгон кагылышта бир студент окко учту. Кеминде төрт адам жарадар болду. Коогалаң кезде 60тай адам камакка алынды.

Чатактын чыгышына “Мусулман агайындарын” колдогон студенттердин бөлөк студенттерди университетке сынакка киргизбей, жол бөгөөсү себеп болду. Айрым митингчилер университеттин имараттарынын бирине өрт коюшту.

Полиция жана коопсуздук күчтөрү демонстранттарды таратуу үчүн көздөн жаш агызчу газ колдонду. Камакка алынгандардын жанынан курал-жарак жана колго жасалган жардыргыч заттар табылганын полиция маалымдады.

Жума күнү да полиция менен “Мусулман агайындардын” тарапкерлери Каирде жана башка төрт шаарда кагылышканда төрт киши өлүп, 187 киши жарадар болгон. Ага байланыштуу 265 адам кармалган. Алардын ичинде аялдар да бар.

XS
SM
MD
LG