Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:48

Ташиев: Орусия үй-бүлөмө башпаанек берди


"Ата-Журт" партиясынын лидери Камчыбек Ташиевдин үй-бүлөсүнө Орусиядан саясый башпаанек берилди. Бул тууралуу бүгүн "Азаттыкка" Ташиев өзү билдирди. Ал партиялаштары камакка алынып, адвокаты сабалып, достору, жакындарына коркунуч жаралып жатканына байланыштуу үй-бүлөсү үчүн башпаанек сурап үч өлкөгө: АКШга, Казакстанга жана Орусияга кайрылган. Биринчи болуп Орусия оң жообун берген. Ташиев үй-бүлөсүнүн коопсуздугу үчүн ушундай кадамга барууга аргасыз болгонун, өзү Кыргызстандан кетпей турганын билдирди.

Камчыбек Ташиев бийликти басып алууга аракет жасаган деген айып менен соттолгону үчүн депутаттык мандаттан айрылган. Оппозиционер саясатчы өзү бул айыпты негизсиз деп айтып келет.(AiT/RK)

XS
SM
MD
LG