Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:51

Гуантанамо түрмөсүнөн акыркы үч уйгур бошотулду


АКШнын Гуантанамо Бей түрмөсүндө отурган акыркы үч уйгур туткун абак жайдан чыгарылып, Словакияга жөнөтүлөт. Вашингтондун бул маалыматын Словакиянын Ички иштер министрлиги тастыктады. Министрликтин маалыматында үч уйгурдун “террорчулук кылды деп айыпталбаганы” көрсөтүлөт. Словакия буга чейин Гуантанамо түрмөсүнөн бошотулган египеттик, алжирлик жана тунистик үч жаранды кабыл алган.

АКШ президенти Барак Обама 2009-жылы Ак Үйгө келгенде Гуантанамо абак жайын жабууга сөз берген. Кубанын жээгиндеги бул түрмөдө террорчу деп шектелип, чет өлкөлөрдө кармалган дагы 150дөй туткун бар. Үч уйгур 2001-жылы Ооганстанда кармалган.

XS
SM
MD
LG