Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:00

Хамид Карзай ооган кыргыздарынын өкүлү менен жолукту


Ооганстандагы кыргыздардын өкүлү Абдрашит Хандын уулу Валини ооган президенти Хамид Карзай кабыл алды. Бул тууралуу бүгүн "Азаттыкка" тарыхчы, журналист Кыяс Молдокасымов кабарлады. Анын айтымында, кечээ өткөн бул жолугушууда Хамид Карзай ооган кыргыздарынын кандай маселеси болсо чечип берээрин, балдары Кыргызстанга же башка жакка барып окуй турган болсо, бүт шарттар түзүлөөрүн убада кылган:

- Абдрашит Хандын уулу Вали ушул кабарды айтып, кыргыз өкмөтү да ооган жетекчилигинин бул демилгесин колго алып, ооган кыргыздарына Кыргызстанга келип окууга, ден соолугун каратууга көңүл буруп, жардам берсе болот эле деген каалоо-тилегин билдирди, - деди Кыяс Молдокасымов.

Ооганстанда үч миңдин тегерегинде кыргыз жашайт. Бирок жашоо-шартынын кыйындыгына байланыштуу алардын саны жыл сайын азайып баратат. (RK)

XS
SM
MD
LG