Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:15

Ош: көпүрөнүн курулушуна 2 млн. сом чогулду


Шаардык мэриянын маалыматы боюнча, көпүрөнүн курулушу үчүн атайын ачылган банк эсебиндеги акчанын суммасы 2 млн. сомдон ашты. Маалыматта айтылгандай, эстакадалык көпүрөнүн курулушуна шаардыктар гана эмес, Ош шаарынын айланасындагы айылдардын тургундары да салымдарын кошуп жатышат. Жакынкы күндөрү эле шаардан 9 чакырым аралыкта турган Мады айылынын тургундары көпүрөнүн курулушуна акчалай каражат которушкан.

Мурдараак көпүрө курулушунун салтанаттуу ачылышында жарандар курулушка жардам иретинде банкта атайын эсеп ачылышын сунуш кылышкан. Буга байланыштуу токтом мурунку мэр Мелис Мырзакматов тарабынан кабыл алынып, атайын эсеп ачылган.

Ош шаарында автомобил жана жөө адамдардын кыймылын жөнгө салуу максатында Масалиев көчөсүнөн Ленин көчөсүнө чейин эстакадалык көпүрө куруу чечими да мурунку шаар башчысы тарабынан кабыл алынган.

Шаар кеңешинин айрым депутаттары аталган көпүрөнүн курулушу мыйзамсыз деп, шаардык бюджетте анын курулушуна жеткидей каражат жоктугун айтып чыгышкан.(ZKo)

XS
SM
MD
LG