Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:35

Ош-Баткен-Исфана авто жолу быйыл күздө аяктайт


Транспорт жана байланыш министрлигинин маалыматы боюнча өткөн жылы жолдун 14 чакырымы жасалып бүттү. Мындан тышкары жолдун 16 чакырымында жаңылап шагыл төгүлүп, суу агызуучу жаңы түтүктөр орнотулду.

Министрлик жолдун курулушу 2014-жылы 1-октябрга бүткөрүлөрүн маалымдоодо.
Ош-Баткен-Исфана жолунун курулушу Дүйнөлүк банк менен Азия өнүктүрүү банкы тарабынан каржыланууда.

Аталган жол келечекте Казакстан- Ооганстан-Тажикстан жана Кыргызстанды бириктирүүчү стратегиялык мааниси бар магистрал. Буга чейин узундугу 120 чакырымды түзгөн Бүргөндү-Баткен жолу курулуп, пайдаланууга берилген.(ZKo)

XS
SM
MD
LG