Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:40

Эки басылма Сноуденге ырайым берүүгө чакырууда


АКШдагы New York Times жана Британиянын Guardian гезиттери АКШ чалгын кызматынын мурдагы кызматкери Эдвард Сноуденге ырайым кылууга үндөгөн макалаларды бейшембиде биринчи беттерине басып чыгышты. New York Times гезити Сноуден “маалыматтарынын баалуулугу жана бийликтин кыянаттыгын ачыкка чыгарганы үчүн өмүр бою куугунтукталуудан куткарылууга тийиш” деп жазды.

АКШда шпиондук кылды деп айыпталып жаткан Сноуден Орусияда башпаанек алып жашап жүрөт. Ага мунапыс берилүү ыктымалдыгын бир нече жума мурун АКШнын Улуттук коопсуздук кызматынын улук кызматкери Рик Леггет билдирген эле.

XS
SM
MD
LG