Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:28

Миңден ашуун киши Марска сапарга алгачкы тандоодон өттү


3-январда Марс планетасына сапар уюштурабыз деген долбоордун ээлери «Кызыл планетаны» көрүүнү каалагандардын санын 20 миңден бир миңге азайтты. Алардын арасында 53 орусиялык бар. Эми соңку иргөө телешоу маалында өткөрүлүп, команда топтолот. Миссияны уюштуруп жаткан голландиялык Марс -1 бейөкмөт уюму 2024-жылы башталчу сапарга зарыл алты миллиард долларды жыйноо үчүн ар кандай акцияларды өткөрөт. Талапкерлер физикалык жана эмоционалдык жактан тыкыр сыноодон өткөрүлөт.

Марска алты айлык сапарга билет бир багытка эле сатылат. Миссияны уюштуруучулар 2018-жылы Марска кишиси жок корaбль учурууга Lockheed Martin компаниясы менен келишим түздү.

XS
SM
MD
LG