АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри үч күндөн бери Жакынкы Чыгышта тынчтык жараянын бекемдөөгө арналган сапарын улантууда. Керри азыр Израил менен Палестинанын жетекчилерин бир үстөлгө отургузуп, тынчтык келишиминин планын түзүүгө көндүрүүгө аракет кылып жатат. Анткен менен аналитиктер эки тараптын позициясындагы айырма өтө эле чоң экенин белгилешүүдө.
Палестина автономиясынын президенти Махмуд Аббас жакында жөөт жетекчилиги Иордан дарыясынын батыш жээгинде жаңы үйлөрдү салуу планын билдирүү менен “тынчтык процессине кызыкпаганын көрсөттү” деген. Израилдин премьер-министри Бинямин Нетаняху болсо шейшембиде Израилдин түрмөлөрүнөн бошотулган палестиналыктарды “Аббас баатырлардай тосуп алды” деп зээни кейигенин айтты.
АКШнын мамкатчысы Керри болсо азыр эки тарап тең тынчтык келишими боюнча бир мунасага келиш үчүн өтө оор чечимдерди кабыл алышы зарыл болоорун белгиледи.