Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, Франциянын борбору Парижде 19-декабрдан бери өтүп жаткан жаңы жылдык жармаңкеге кыргызстандык “Тумар” кол өнөрчүлөр тобунун кийизден жасалган буюмдары жана улуттук суусундуктар коюлду. Ошондой эле жармаңкеге келгендерге Кыргызстан тууралуу маалымат берилип жатат. Жармаңке бүгүн кечинде жыйынтыкталат.(BkA)