Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:14

Канцлер Меркел жаракат алды


Германиянын канцлери Ангела Меркел Швейцарияда лыжадан жыгылып, жаракат алды. Анын маалымат катчысы Штеффен Зайберттин билдиришинче, Меркелдин жамбаш сөөгүнөн жарака кеткен.

Штеффен Зайберттин айтымында, канцлер жаракаттан улам жакынкы жумалардагы жолугушууларын жана сапарларын токтотууга аргасыз болду. Бирок өкмөттү жетектеп жана мамлекеттик жыйындарга катыша бермекчи.

Өткөн ай соңунда Франциядагы Альпы тоолорунда "Формула-1" мелдешинин 7 жолку чемпиону Михаэл Шумахер лыжа тээп жүрүп, асканы сүзүп, башынан оор жаракат алган. Ага Гренобль ооруканасында эки жолу операция жасалып, бирок учурда дагы деле эсине келбей жатат.

XS
SM
MD
LG