Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:35

Нарматов: Акча бар жерде - чыр бар


Бүгүн муфтийлик кызматтан кеткен Рахматулла ажы Эгембердиев кечээ "Азаттыктагы" маегинде өзүнүн тегерегиндеги чуулуу иштерге тиешеси бар делгендердин катарында Кыргызстан Ислам университетинин ректору Абдышүкүр ажы Нарматовдун да атын атаган эле. Нарматов өз дарегине айтылган айыптоолордун баарын негизсиз деп четке какты.

- Абдышүкүр ажы, акыркы күндөрү муфтий Рахматулла ажы Эгембердиевдин тегерегинде бир топ чуулуу окуялар болуп кетти. Муфтий болсо бул чуулуу иштерге Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасы Абдулатиф Жумабаев менен Абдышүкүр Нарматовдун тиешеси бар деп жатат. Бул канчалык негиздүү?

- Рахматулла ажы Эгембердиевге байланыштуу тасма ыймансыз, Кудайдан коркопогон, муфтийдин эле эмес, дин душмандарынын жасаган иши. Ким бирөөгө аң казса ага өзү түшөт. Эми эркиндиктин да чеги болот, менин эркиндигим - сиздин эркиндигиңиз башталган жерде токтошу керек. Бул иш муфтийге эле эмес, бир ыймансызга, дин душманына да жасалбай турган иш.

Маекти толугу менен бул жерден угуңуз



Өкүнүчтүүсү Рахматулла ажы бул ишке бизди күмөн кылбай, ала кушту атынан атап айтыш керек болчу. Мен ошол тасма чыккандан кийин азирети муфтийдин өзү менен жолугуп сүйлөшкөндө: “Бирөөлөр мага шантаж жасады, бир канча акча сурады, сага компрамат, жаңы жылга белек бар деп айтты”, - деди. Андай болсо ошол кишилердин атын ачык айтышы керек эле. Тилекке каршы кечээги маегинде: "Буга чейин менден бир нерселерди талап кылып келген, алардын айрымдарын аткардым, айрымдарын аткара албай калдым", - деп мени менен Абдулатиф Жумабаевдин атын айтып жатат. Бул жерде биз талап кылган сыяктуу болуп калган.
Атамбаевге адилеттүү иштеңиз, элдин акы турганда Кудайдан коркуңуз, бул кресло түбөлүк эмес, эгер бирөөгө түбөлүк болсо сиз келбейт элеңиз деп айткам...

Мен Абдулатифке адвокат эмесмин, өзү жооп берсин. Туура, экөөбүздүн мамилебиз жакшы. Египетте чогуу окуп, менден сабак алган, устаз да болгом. Бирок ошол эле учурда мага Абдулатифтен да, Рахматулладан да жогору турган нерсе – чындык.

Рахматулла Эгембердиев “баланча мага шантаж кылды, акча сурады” десе алардын атын ачык айтсын. Сотко берип аныктасын. Муну Кудайга тапшырабыз, баарыбыздын үстүбүздө Кудай бар. Ошондуктан бул ишке менин эч кандай тиешем жок.

- Анан да муфтий “Азаттыктагы” маегинде мени Жумабаев менен Нарматов президентке жолуктурбай жатат, чындык президентке жетпей жатат деген сөздү айтып жатат. Мунун чындыгы канчалык?

- Туура, президент Атамбаев менен мурдатан мамилем бар. Убактылуу өкмөттө, андан кийин өкмөт башчы болуп турганда да кээде кирип, дин маселелерин айтып тургам. Алла Тааладан коркуңуз, адилеттүү иштеңиз, элдин акы турганда Кудайдан коркуңуз, бул кресло түбөлүк эмес, эгер бирөөгө түбөлүк болсо сиз келбейт элеңиз, эгер Кудай досуңуз болсо эч ким душман боло албайт, Кудай душман болсо эч ким сизге дос боло албайт деген сыяктуу сөздөрдү айтып, жакшы мамиледе болуп келгем.

Азыр болсо президенттин коомдук кеңешчисимин. Атамбаев президент болгондон бери ашып кетсе үч-төрт жолу көрүштүм. Бирок президентке бир да жолу Рахматулла деген атты атаган эмесмин. Диний абал, дин маселелери боюнча сөздөрдү айткам, бирок жеке Рахматуллага тиешелүү маселе болгон эмес. Анан да президентке баланчаны, түкүнчөнү кабыл алыңыз дегендей мен протокол кызматындагы адам эмесмин да.

- Анда Эгембердиев муну эмнеге таянып айтып жатат?

- Бир жолу муфтий менен жолукканымда: “Сизге андай-мындай дей албайм, бирок былтыр 7-апрелде баатырларды эскерип куран окулганда, залкар жазуучубуз Чыңгыз Айтматовду эскерүүдө эмнеге сиз чакырылып, мен барбай калдым?” - дегендей капачылыгын айтты. Ага бул менин ишим эместигин, президенттин протокол кызматы чакырганын айттым.
Ким муфтий болбосун бул жердеги чыр-чатак ажылыкка барып такалат. Акча бар жерде чыр болот экен. Ошондуктан мен ажылыкты уюштурууну муфтият эмес, башка бир орган алсын деп келем...

Менин эми Рахматуллага эч кандай кусаматым жок. Муфтийлик ордуна көз артканым да жок. Былтыр муфтийликке шайланып жатканда “туура айтып, тууганыма жакпайм” дегендей мындай Уламалар кеңеши менен иштеше албайм деп анын курамынан чыгып кеткем. Ошондо өз принциптеримди, Уламалар кеңеши муфтияттан көз карандысыз болушу керектигин айткам. Бирок Уламалар кеңеши Рахматулланы көпчүлүк добуш менен муфтийликке шайлаган соң, аны муфтий катары сыйлап, бирге иштешип келе жаткам.

Анан мени ажылык боюнча да айыптап, “былтыр мынча орун сурады” дептир. Мен былтыр ажыга да барган жокмун, ушуга чейин ажылыкка эч бир тиешем да болгон эмес. Бул боюнча Рахматулла менен түз эфирде да бетме-бет отуруп, кайым айтышка эмес, такташканга даярмын.

- Кыргызстанда акыркы жылдарда муфтияттын тегерегинде ар кандай талаш-тартыштар токтобой келет. Азыр да бул иштердин артында муфтийлик бийликке кызыкдар, ошол орунду колго алгысы келген ар кандай топтор турганы айтылууда. Бул орун эмнеге минтип көптүн көзүн кызартып жатат?

- Ким муфтий болбосун бул жердеги чыр-чатак ажылыкка барып такалат. Акча бар жерде чыр болот экен. Ошондуктан мен ажылыкты уюштурууну муфтият эмес, башка бир орган алсын деп келем. Муну айтсам эле бирөөлөр ажылыкты өкмөткө өткөрөм деп атат деп чыгышат. Ажылык боюнча бир мекеме түзөбүзбү, же башка кылабызбы иши кылса муфтияттан муну алыш керек. Себеби бардык маселе ушул ажылыктан чыгып атат.

Муфтийди эми мамлекеттик бийлик эмес, Уламалар кеңеши шайлайт. Анан буга кызыкдар күчтөр бар, андай-мындай деп саясатташтыра берүүнүн кереги жок. Эми дин адамдары да пенде, кемчиликтери бар. Булардын арасында да кайчы пикирлер, келишпестиктер болуп турат. Бирок жумурткадан кыр издегендей мындан кынтык издеп, аны жалпы журтка жайылтуунун кажети жок.

Эми азыркыдай учурда Уламалар кеңеши тез арада чогулуп, маселени караш керек. Мисалы Кыргызстандагы кайсы бир кырдаалды парламент карап, чечип жаткан сыяктуу биздин диний башкармалыктын парламенти – 35 кишиден турган Уламалар кеңеши. Ошолор ийри отуруп, түз кеңешүүсү зарыл.


P.S. Маек Рахматулла ажы Эгембердиев муфтийликтен кетээрин жарыялаардан бир канча саат мурдараак алынган.


Нарматов: Муфтий чуусуна тиешем жок
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:45 0:00
  • 16x9 Image

    Шайырбек Эркин уулу

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, интернет редактор. Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG