Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:27

Мэрликке талапкерлерди каттоо мөөнөтү аяктайт


Бүгүн Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлигине талапкерлерди каттоонун акыркы күнү. 15-январда боло турчу шайлоого талапкерлерди каттоо кечки саат 18.00гө чейин жүргүзүлөт. Шайлоо мыйзамына ылайык, талапкерлерди аталган калаалардын шаардык кеңештериндеги фракциялар жана премьер-министр көрсөтө алат. Буга чейин Бишкек шаардык кеңешиндеги Социал-демократтар фракциясы мэрликке талапкер катары өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлү Кубанычбек Кулматовду көрсөткөн. Ал эми шаардык кеңештеги “Республика” жана “Ата Мекен” фракциялары өз талапкерин бүгүн жарыялай турганын билдиришти.

Ош шаардык кеңешиндеги КСДП, “Ата Мекен”, “Республика”, “Замандаш” жана “Адилеттүү Кыргызстан” фракциялары түзгөн көпчүлүк коалиция мэрлик кызматка Айтмамат Кадырбаевдин талапкерлигин көрсөттү. Азчылыкты түзгөн “Улуттар биримдиги” жана НДПК фракциялары мурдагы мэр Мелис Мырзакматовду талапкер катары алып чыкты.

Буга чейин Бишкек шаарынын мэри Иса Өмүркулов борбордогу парк зонасынын чегин бузган деген айып менен кылмыш иш козголгон соң, кызматтан өз арызы менен кеткен. Ал эми Оштун буга чейинки мэринин милдетин аткаруучу Мелис Мырзакматов декабрь айында кызматтан алынган эле.(BkA)

XS
SM
MD
LG