Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:59

Борис Воробьев жети жылга кесилди


Бишкектеги Чыңгыз Айтматов атындагы орус драма театрынын мурдагы жетекчиси Борис Воробьев жети жылга эркинен ажыратылды. Өкүмдү Биринчи Май райондук сотунун судьясы Абдразак Боромбаев чыгарды. Бул тууралуу Жогорку Соттун басма сөз кызматынан билдиришти.

Өкүмгө ылайык, Воробьев жаза мөөнөтүн күчөтүлгөн тартиптеги колонияда өткөрөт жана мүлкү конфискацияланат. Анын камактагы мөөнөтү 2013-жылдын 19-июнунан тарта эсептелет.

Борис Воробьевго өткөн жылдын апрель айында иш козголгон. Ага тиешелүү мамлекеттик органдардын уруксатын албай туруп, театр имаратын жеке ишкерлерге ижарага берип жүрөт деп кине коюлган.

Орус драма театрынын мурдагы жетекчиси Борис Воробьев кылмыш козголгонго чейин Маданият министрлигинин жетекчилери менен тил табыша албаганы үчүн кызматтан алынган. (SE)

XS
SM
MD
LG