Январь айынын соңуна чейин Оштогу борбордук көчөлөрдүн четине 600 даана арча отургузулат. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Көчөттөр шаардык жашылдандыруу жана көрктөндүрүү чарба комбинаты тарабынан өстүрүлгөн.
2013-жылдын январь айында деле калаага 1500 арча көчөтү отургузулган. Анын 120сы соолуп калган.
Адистердин айтымында, арча көчөтүнүн тамыры жерге жакшы орношу үчүн кыш чилдесинде отургузулат. (SE)