Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 02:28

Аламүдүн дарыясынан да суу ташып жатат


Чүй облусун аралап өткөн Аламүдүн дарыясынан да суу ташып, айрым турак- жайларды каптай баштады. Бул тууралуу “Азаттыкка” Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Аламүдүн районуна караштуу Арашан айылындагы бир үйдүн короосун суу каптады. Министрликтин куткаруучулары тазалоо иштерин жүргүзүп жатат.

Бүгүн эртең менен Чүй дарыясынан да суу ташып, Кызыл Куруучу дачасындагы 13 үйдүн тамаркасына жана жер төлөлөрүнө агып кирген. Ал жерде жалпысынан 136 үй бар. Башка короолорго сууну киргизбөө максатында Унаа жана байланыш министрлигинин техникалары менен Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары иштеп жатышат.

Суу ташкындары дарыяга муз тоңгонуна байланыштуу болууда. Өзгөчө кырдаалар министрлигинен кабарлашкандай, жыл сайын кыш мезгилинде аймактагы Чүй, Аламүдүн жана Ала-Арча дарыяларында суу ташуу коркунучу күчөйт. Буга дарыялар убагында тазаланбай жатканы себеп. (SE)

XS
SM
MD
LG