Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:59

Баткен: чек арадагы айылдардан эл чыгып кетүүдө


Бул тууралуу чек арадагы Достук айылынын тургуну Ысмаил Куназаров “Азаттыкка” билдирди.

- Бүгүн кечке жуук Достук айылын курчап турган тажик айыл тургундарында агрессия байкалгандыгы үчүн аялдарды, балдарды Баткен шаарына жана Кызыл-Бел айылына чыгарып жатабыз, – деди Ысмаил Куназаров .

Мындай көрүнүш Масейиттин жери айылында да орун алууда. Баткен облусундагы өкмөттүн өкүлчүлүгүнөн “Азаттыкка” кабарлашкандай, жергиликтүү тургундарга түшүндүрүү иштери жүргөнүнө карабастан чыгып кетүүлөр уланууда.

Белгилеп кетсек, буга чейин да чек ара жаңжалдары чыкканда талаштуу аймактарда жашагандар үй-бүлөсүн башка айылдарга убактылуу алып чыгып кетип турган.


Өткөн жылдын 17-декабрында Ак-Сай айылынын тургундары менен Тажикстандын Ворух анклавынын жашоочуларынын ортосунда тиреш орун алып, аксайлыктар Ворухка кетчү жолду бууп, бийликтен Тажикстандын Чорку айылын айланып өтүүчү жол куруп берүүнү талап кылышкан.

7-январдагы Дүйшөмбү шаарындагы эки тараптуу сүйлөшүүлөрдөн соң кыргыз-тажик чек арачылары талаштуу аймактарды биргеликте кайтаруу чечимине келишкен болчу. Алгачкы биргелешкен көзөмөл 10-январда башталган. (SA)

XS
SM
MD
LG