Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:08

Баткен: Ак-Сайдагы атышууда АКШ миномету колдонулган


Бул тууралуу Чек ара кызматы “Азаттыкка” билдирди. Атышуу учурунда тажик тарап миномёт да колдонгон. Ак-Сайда учурда Тажикстандын жарылбай калган миналары зыянсыздандырылууда. Баткен облусунун жана Тажикстандын Согду облусунун Чөлкөмдүк чек ара башкармалыктарынын зардалдарынын жолугушуусунун жүрүшүндө тажик тарапка АКШда өндүрүлгөн минометтун жарылбай калган снаряды көрсөтүлгөн.

Бүгүн Ак-Сайда тажик-кыргыз чек арачыларынын ортосунда ок атышуу болуп, кыргыз тараптан 5 чек арачы, бир милиция кызматкери, тажик тараптан 3 чек арачы жарадар болушкан.

Өткөн жылдын 17-декабрында Ак-Сай айылынын тургундары менен Тажикстандын Ворух анклавынын жашоочуларынын ортосунда тиреш орун алып, аксайлыктар Ворухка кетчү жолду бууп, бийликтен Тажикстандын Чорку айылын айланып өтүүчү жол куруп берүүнү талап кылышкан.

7-январдагы Дүйшөмбү шаарындагы эки тараптуу сүйлөшүүлөрдөн соң кыргыз-тажик чек арачылары талаштуу аймактарды биргеликте кайтаруу чечимине келишкен болчу. Алгачкы биргелешкен көзөмөл 10-январда башталган. (SA)

XS
SM
MD
LG