Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:28

Президент чек арадагы абалдан кабар алды


Бүгүн президент Алмазбек Атамбаев кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал боюнча вице-премьер-министр Токон Мамытовдун маалыматын укту. Мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашкандай, Токон Мамытов кырдаал салыштырмалуу турукташып калганын айтты. Президент чек ара аймагында жашаган жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча ишти уланта берүүнү буюрду.

11-январда Баткендеги Көк-Таш – Ак-Сай жолунун курулушуна тажик тарап каршылыгын билдирип, коңшу өлкө чек арачылары кыргыз аскерлерин көздөй ок атышкан. Ага жооп катары кыргыз тарап да ок чыгарып, натыйжада Кыргызстандан 5, Тажикстандан 3 чек арачы жарадар болгон. Ошол эле күнү кыргыз тарап чек араны белгисиз мөөнөткө жапкан. (RK)

XS
SM
MD
LG